2023-жылдын 29-апрелинде Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 300/3 дареги боюнча «ЕНВОЙС ВИЖИОН ДИДЖИТАЛ ЭКСЧЕЙНДЖ» ААКтын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өткөндүгүн маалымдайт.
Добуш берүүчү акциялардын саны: - 25 500 000 000 жөнөкөй акция. Катышты - 6 акционер Добуштардын саны менен - 25 500 000 000 Чогулуштун кворуму 100%. Добуш берилген ар бир маселе боюнча кворум 100%.
Жылдык чогулуштун күн тартибиндеги талкууланган маселелердин резолюциясы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
1) Акционерлердин жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясын шайлоо («макул» - 25 500 000 000 (100%).
2) Коомдун Директорлор кеңешинин аткарылган иштер жөнүндө отчету бекитилсин («макул» - 25 500 000 000 (100%).
3) Башкармалыктын отчету, финансылык отчеттуулуктун аудитордук корутундусу, жылдык бухгалтердик баланс, пайда жана чыгымдар эсеби, Коомдун 2022-жылдагы пайдасын бөлүштүрүү бекитилсин («макул» - 25 500 000 000 (100%).
4) 2023-жылга бюджет бекитилсин («макул» - 25 500 000 000 (100%).
5) 2023-жылга аудитор болуп «БУХГАЛТЕРИЯ АУДИТ ИННОВАЦИЯ» ЖЧКсы шайлансын жана 2023-жыл үчүн сый акынын өлчөмү 20 000 (жыйырма миң) сом суммасында белгиленсин («макул» - 25 500 000 000 (100%).
6) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун («макул» - 25 500 000 000 (100%).
7) Төмөнкү курамда Директорлор кеңеши шайлансын: Ниренберг Илья Борисович, Кудайбердиев Улан Кудайбердиевич, Сайпидинов Азизбек Казакбаевич («макул» - 25 500 000 000 (100%).
8) Ушул акционерлердин кезексиз Жалпы чогулушунун чечиминде көрсөтүлгөн келишимдерди/макулдашууларды түзүү/кол коюу үчүн бүтүмдөрдүн суммалары жана түзүлүүчү келишимдер/макулдашуулар боюнча «ЕНВОЙС ВИЖИОН ДИДЖИТАЛ ЭКСЧЕЙНДЖ» ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынан чектөөлөр алынып салынсын («макул» - 25 500 000 000 (100%).
9) «Кыргыз Республикасындагы товардык биржа жана биржалык соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 29-июнундагы №915-XII Мыйзамына ылайык Уставга өзгөртүүлөр киргизилсин.