Акционерлердин кезексиз жалпы жыйынынын жыйынтыктары жана олуттуу фактылар
Олуттуу факт · 2026-ж., 21-сентябрь2026-жылдын 21-сентябрында өткөн акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны (кворум 100%) фирмалык аталышты, кызмат адамдарынын курамын жана эмитенттин жайгашкан жерин өзгөртүүнү бекитти. Мамлекеттик кайра каттоо 2026-жылдын 22-сентябрында жүргүзүлгөн, билдирүүлөр «Эркин-Тоо» гезитинде 22-сентябрда жарыяланган.