2024-жылдын 29-апрелинде Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 19, 10-кабат дареги боюнча «ЕНВОЙС ВИЖИОН ДИДЖИТАЛ ЭКСЧЕЙНДЖ» ААКтын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өткөндүгүн маалымдайбыз.
Добуш берүүчү акциялардын саны: 25 500 000 000 жөнөкөй акция. Жалпы 20 065 440 000 добушу бар 4 акционер катышты. Чогулуштун кворуму - 78,69%. Добушка коюлган ар бир маселе боюнча кворум - 78,69%.
Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
1) Акционерлердин жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясы А.А. Кузин, И.А. Приев, С.А. Эсенкулов курамында бекитилсин («макул» - 20 065 440 000 добуш).
2) Коомдун Директорлор кеңешинин 2023-жылдагы отчету бекитилсин («макул» - 20 065 440 000 добуш).
3) Башкармалыктын отчету, аудитордук корутунду, жылдык бухгалтердик баланс, пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет, Коомдун 2023-жылдагы пайдасын бөлүштүрүү бекитилсин («макул» - 20 065 440 000 добуш).
4) «ЕНВОЙС ВИЖИОН ДИДЖИТАЛ ЭКСЧЕЙНДЖ» ААКтын 2024-жылга бюджети бекитилсин («макул» - 20 065 440 000 добуш).
5) Коомдун артыкчылыктуу аталыш акциялары 6 375 000 000 (алты миллиард үч жүз жетимиш беш миллион) нуска өлчөмүндө ачык сунуштоо менен чыгарылсын. Эмиссия проспектиси жана артыкчылыктуу аталыш акцияларын ачык сунуштоо шарттары бекитилсин («макул» - 20 065 440 000 добуш).
6) Коомдун акциялары боюнча дивиденддерди алуу укугун тастыктаган 1 токен = 1 акция (TOKEN/SHARE) катышында 1 275 000 000 (бир миллиард эки жүз жетимиш беш миллион) санариптик токен өлчөмүндө Коомдун виртуалдык активдери (санариптик токендери) чыгарылсын жана ачык жайгаштырылсын. Виртуалдык активдерди (санариптик токендерди) чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим жана Коомдун санариптик токендерин чыгаруунун ак кагазы (white paper) бекитилсин («макул» - 20 065 440 000 добуш).
7) Коомдун акциялары боюнча дивиденддерди алуу укугун тастыктаган 1 токен = 1 акция (TOKEN/SHARE) катышында 322 830 000 (үч жүз жыйырма эки миллион сегиз жүз отуз миң) санариптик токен өлчөмүндө Коомдун виртуалдык активдери (санариптик токендери) чыгарылсын жана ачык жайгаштырылсын жана алар Airdrop катышуучуларынын арасында бөлүштүрүлсүн. Airdrop-ко катышуу үчүн оферта келишими, ошондой эле Виртуалдык активдерди (санариптик токендерди) чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим жана Коомдун санариптик токендерин чыгаруунун ак кагазы (white paper) бекитилсин («макул» - 20 065 440 000 добуш).
8) 2024-жылга Коомдун аудитордук компаниясы катары «БУХГАЛТЕРИЯ АУДИТ ИННОВАЦИЯ» ЖЧКсы шайлансын («макул» - 20 065 440 000 добуш).
9) Коомдун ревизору болуп Кийизбаева Карина Дамировна шайлансын («макул» - 20 065 440 000 добуш).