«Азия Сталь» ААК — артыкчылыктуу акциялары Envoys Vision Digital Exchange биржасынын биринчи категориядагы «Ликвиддүү» тизмегине киргизилген эмитент — 2026-жылдын I жана II кварталы үчүн акциялардын ээлерине дивиденддерди төлөдү.
Дивиденддин өлчөмү — акциянын номиналдык наркынан (4 000 сом) жылына 19%. Каражаттар 2026-жылдын 17-июлунда ээсинин Namba One тиркемесиндеги эсебине которулду — балансты тиркемеден текшерсеңиз болот. Ээлерден кошумча аракет талап кылынбайт.