EVDE жана Өзбекстан республикалык товардык‑чийки зат биржасы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту
2026‑жылдын 29‑июнунда Бишкек шаарында Envoys Vision Digital Exchange (EVDE) биржасы жана «Өзбекстан республикалык товардык‑чийки зат биржасы» АКсы (УзРТСБ) Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Документ эки аянтчанын ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдеп, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода‑экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган.
EVDE тарабынан макулдашууга төрага А. Шабданов, УзРТСБ тарабынан башкарманын төрагасы А. Каюмов кол койду.
Өнөктөштүктүн негизги максаты — кыргыз ишканаларынын Өзбекстан Республикасынын биржалык сооодасына, электрондук жана мамлекеттик сатып алууларына катышуусун жогорулатуу. Колдонуудагы мыйзамдардын алкагында УзРТСБ кыргыз компанияларына бир катар колдоо чараларын сунуштоону көздөйт:
- биржалык рынокко чыгуунун бардык этаптарында жеке консультациялык коштоо; - соода катышуучуларын каттоо боюнча арыздарды тездетилген тартипте кароо; - акысыз окутуу семинарларын жана практикалык тренингдерди уюштуруу; - жеңилдетилген тарифтерди жана тейлөөнүн атайын шарттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо; - жеке координаторлорду бекитүү жана өнөктөштөрдү, жеткирүүчүлөрдү издөөгө көмөктөшүү.
Тараптар ошондой эле соданы санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашууга, бизнес‑миссияларды, форумдарды жана тармактык презентацияларды өткөрүүгө көмөктөшүүгө, B2B, B2G жана G2B форматтарында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кызматташууга макулдашты.
Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптардын өз ара макулдугу боюнча кийинки узартуу мүмкүнчүлүгү менен беш жыл бою колдонулат. Жетишилген келишимдерди ишке ашыруу үчүн конкреттүү иш‑чаралары, аткаруу мөөнөттөрү жана максаттуу көрсөткүчтөрү менен өзүнчө Кызматташуу жол картасы иштелип чыгышы мүмкүн.