«ЕНВОЙС ВИЖИОН ДИДЖИТАЛ ЭКСЧЕЙНДЖ» Ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу
- Чогулушту өткөрүү орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 300/3, «Имарат Строй» ААКтын имараты;
- Чогулушту өткөрүү датасы: 2023-жылдын 13-октябры;
- Чогулуштун башталуу убактысы: саат 13:00;
- Чогулушту өткөрүү формасы: түздөн-түз катышуу менен добуш берүү.
Төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: 1) Туунду баалуу кагаздарды – алтынга фьючерстерди чыгаруу бекитилсин.
2) «ШЭРП» жабык акционердик коому – компаниясы уюштурулсун.
3) Фирмалык аталышы бекитилсин:
4) Толук фирмалык аталышы: мамлекеттик тилде: «ШЭРП» жабык акционердик коому; расмий тилде: Закрытое акционерное общество «ШЭРП»; англис тилинде: Closed joint stock company «SHERP». Кыскартылган фирмалык аталышы: мамлекеттик тилде: «ШЭРП» ЖАК; расмий тилде: ЗАО «ШЭРП»; англис тилинде: «SHERP» CJSC.
5) Уюштурулуп жаткан Коомдун юридикалык дареги бекитилсин: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Свердлов району, Фрунзе көч., 300/3.
6) Өз алдынча иштелип чыккан Коомдун уставы бекитилсин.
7) Уюштурулуп жаткан Коомдун Уставдык капиталы 3 000 000 сом өлчөмүндө бекитилсин, ал ар биринин номиналдык наркы 100 (жүз) сом болгон 30 000 (отуз миң) жөнөкөй аталыш акцияларына бөлүнгөн жана анын 100%ы "ЕНВОЙС ВИЖИОН ДИДЖИТАЛ ЭКСЧЕЙНДЖ" Ачык акционердик коомуна таандык.
8) Уюштурулуп жаткан Коомдун Башкы директорунун милдеттери Шабданов Алмазбек Султанбековичке жүктөлсүн.
9) Уюштурулуп жаткан Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон өткөрүлсүн.